Archive of Issues
Authors having problems with submissions please notify editor: editor@hvt-journal.com
Upcoming discussions, debates

On sweet undeniable feeling of power of international intellectual feudalism, bias, discrimination, censoring and theft

 

The risk of type 2 diabetes in the native population of highlands Aksay of Kyrgyzstan

DOI: 10.24969/hvt.2020.181

 

Кыргызстандын бийик тоолуу Аксайдагы жергиликтүү түп элдин арасында 2-тип диабетинин тобокелдиги

Марина С. Молдобаева, Анастасия В. Виноградова, Чолпон А. Муратова

Эндокринология курсу менен ички оорулардын пропепедевтикасы кафедрасы, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиясы, Бишкек, Кыргызстан

Абстракт

Максаты: Кыргызстандын Нарын облусундагы бийик тоолу Аксай спецификалык жаратылыш-климаттык шарттары бар жана деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан. Кыргызстандын Нарын облусунун бийик тоолу Аксайда түпкү жергиликтүү  калкынын 2-типтеги диабеттин өнүгүүсүнүн10 жылдык тобокелдиги изилденди.

Ыкмалары: Баардыгы болуп Нарын облусунун бийик тоолуу Аксайдагы (3260-3680 м) 152 жергиликтүү түп элдин (50 эркек жана 102 аял) 1 стадиялуу тандоо менен изилденди. Бир жолку жана территориялык шарттары менен атайлап эмес изилденди. 2-тип диабетинин тобокелдиги FINDRISС анкетасы колдонуу менен эсептелди.

Жыйынтыгы: Бийик тоолуу Аксайда аялдарда белинин курчоосунун узундугу (БКУ) > 80 см таралышы бир кыйла өйдө, дене салмагынын индекси (ДСИ)> 25 кг / м2 жана регулярду эмес жашылча жана жемишти пайдалануу кыйла жогору, ал эми эркектерде болсо регулярду эмес жашылча жана жемишти пайдалануу, ДСИ> 25 кг / м2 жана БКУ> 94 см кыйла жогору.

Корутундусу: Кыргызстандын жергиликтүү түп элдин арасында 2-типтеги диабеттин өнүгүүсүнүн 10 жылдык тобокелдигинин артыкчылыктарында басымдуулук камтыган абдоминалдык семирүү жана регулярдуу эмес жашылча жана жемишти пайдалануу. 2-тип диабетинин стратификациялаганда төмөн тобокелдиги жогору,  өтө бийик тобокелдиги табылган эмес. Бийик тоолуу жергиликтүү түп элдин арасында 2-типтеги диабеттин өнүгүүсүнүн алдын ала болжолонмосу фенотиптик факторлорунан жана бийик тоолу жашоонун шарттарынан көз каранды, ошондо гипоксия алдыңкы ролду ойнойт. Тоо шартында жашаган түп элдин арасында метаболизм фактору катарында басымдуулук болуп абдоминалдык семирүү камтылат, ошону үчүн, мүмкүн, башка терс факторлору менен күрөөшүү катарында регулярдуу жашылча жана жемишти пайдалануу натыйжалуу болот.

Негизги сөздөр: бийик тоолук, 2-типтеги кант диабетинин өнүгүүсүнүн тобокелдиги, жергиликтүү туп эл, төмөн тобокелдиги.